17.01.2019 16:42

«Ала-Тоо» аянтына митингге чыккандардын модератору Аманбол Бабакуловду милиция кармап кетти

«Ала-Тоо» аянтына митингге чыккандардын модератору Аманбол Бабакуловду милиция кармап кетти

«Ала-Тоо» аянтына митингге чыккандардын модератору Аманбол Бабакуловду милиция кармап кетти. Бул тууралуу активист Адил Турдукулов Фейсбук баракчасында билдирди.

Анын айтымында, бүгүн Биринчи Май райондук сотунда жаза өтөө чарасы каралат. 

Эскерте кетсек, бүгүн саат 11де борбордук «Ала-Тоо» аянтында кытайларга каршы акция болуп өттү. Анда чогулгандар бийликке талаптарды коюп, өкмөт үйүнө өкүлдөрүн жөнөтүшкөн. Аларды вице-спикер Мирлан Бакиров кабыл алды. 

Ал эми, мэрия тарабынан митингди саат 13:00гө чейин гана өткөрүүгө уруксат берилгенине карабастан, аянттагы элдин кетүү ниети болгон жок. Мындан улам, тартип сакчылары алардын айрымдарын кармап кете баштады.